Амеркалык жазуучучу, драматург, сценарист Винья Дельмардын “Эртеңкиге ордуңду бошот” (Make Way for Tomorrow) драмасын КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаировдун Көркөм жетекчилиги астында Режиссёр Жылдызбек Касейинов сахналаштырды. Премьера 2023-жылдын 20-21-22-апрель күндөрүнө пландалууда.
Винья Дельмардын “Эртеңкиге ордуңду бошот” спектакли ата-эне канча бала болсо да кабагым-кашым дебей асыраганы менен балдар бойго жеткенде карыган ата-энесин баарылап бага албагандыгын, аргасыздан өмүр бою бирге жашаган түгөйлөрдүн эки жакка бөлүнүүсүн, карыганда 5 баласы туруп карылар үйүндө күн кечирүүгө аргасыз болгон эненин, атанын трагедиясын баяндайт.
Комментарии (0)